Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Аида Салянованын анын эжеси ЖК кайсы депутаттары барып кабар алганы тууралу айтып берди

Мурдагы башкы прокурор абалы үшүгөндүгүнөн жана стресстен начарлоодо

№1 ТАына мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага экинчи жолу тез жардам чакырылды. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына анын эжеси Чынара Турдалиева кабарлады

- Акыркы убактарда эки жолу медиктерди чакырышты, - деди ал. -Аида өнөкөт жөтөл менен ооруйт. Ал кармалган учурда да анын оорусу козголуп турган. Ушундай абалында аны камакка алуу кыйноо катары болот деп эсептейбиз.

Турдалиева ошондой эле аны, тергөө абагында анын мурдагы кесиптештери Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп кетишкендиктерин кошумчалады.

- Өткөн жумада ага Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенколор келип кетишти. Бүгүн Эмил Токтошев келгенди пландаган болчу, -деп маалымат берди ал.

Vesti.kg сайтына анын коргоочусу - Рабига Сыдыкова кабарлагандай, - ал жактаган адамдын абалы тергөө абагындагы муздак абадан жана стресстен начарлап жатат.

- Бүгүн мен аны менен жолуга элекмин, бирок, мурдагы күнү жана кечээ тез жардам чакырышты, кардиологдор келишти, - деди ал. - Анын абалы өтө начар, бирок. ал духу күчтүү аял. Мен аны Улуттук кардиология борборуна текшерүү жүргүзүүгө жөнөттүрүүнү пландап жатамын. Анда бардык оорулар - жүрөктүн кош жетишсиздиги жана башка оорулары муздак абада жана стресс абалында күчөй баштайт. Мындайдын баары тергөө абагында бар.

Анын арасында ЖАМКнын маалымат кызматы Аида Салянованын  №1 тергөө абагында кармалган учурунан бери тез жардам бир эле жолу чакырылганын кабарлашты.

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Комментарийлер: 0

Депутаттар бүгүн Атамбаевден кол тийбестигин алуу жөнүндөгү маселени карашат

«Иса Өмүркулов менден комиссиянын курамына кирүү сунушун айтканда, мен таң калдым»

Алмазбек Атамбаевден кол тийбестигин алуу маселеси боюнча атайын парламенттик комиссиянын биринчи жыйыны бүгүн өтөт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

-  Мүчөлөрдү фракциялар сунушташты,  - деди ал. - Иса Өмүркулов мага комиссиянын курамына кирүүнү сунуштаганда, мен таң калдым. Бирок ал, тандоо мага туш келгенин, себеби, мен чынчыл экендигимди түшүндүрдү.

Евгения Григорьевна, комиссиянын биринчи жыйынында депутаттар иш тартиби кантип түзүлө тургандыгы чечилерин белгиледи.

- Мен бирөөлөрдү суракка чакырабыз деп ойлобоймун, чынын айтсак, биз прокуратура эмеспиз, -деди ал. - Комиссия качан ишин аяктаганда, аяккы чечимди палата кабыл алат. Мен бирөөнү аябай жанчабыз дегенден алысмын, бирок, бардыгын тартипке  ылайыкташыбыз керек. Менин пикирим боюнча, Форум тараптан атайыланган провокация болду. Бизди ушундай чараларга барууга муктаж кылышты. Эмне деген менен элдерди минтип кемсинтүүгө болбойт, ошол эле учурда парламенттин курамы да жарытарлык эмес.

Строкова, өз кесиптештерине комиссияга өз таарынычтарын колдонбоосун сурандым, деп кошумчалады.

- Алмазбек Шаршенович дайыма кайталап айтып жаткан туруксуздукту, алар өздөрү түзүп жатат, деп ойлойт ал. - А эмне үчүн алар муну жасашууда? Аны жаңы бийлик менен салыштыруу үчүнбү? Бирок, элдер анын эле абалды курчутуп жатканын көрүп турат го.

Эсиңиздерге салалы, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча комиссиянын курамын жарыялады. Ал комиссиянын курамына: Каныбек Иманалиев, Өмурбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкуов, Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов киришти. Комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын 12 - беренесинин жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 33 - беренесинин негизинде каралгандыгын баса белгиледи. Парламенттин КР мурдагы президентине, аны статусунан ажыратуу үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн, депутаттардын жалпы санынан үчтөн биринен аз эмес депутаттардын демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан тузүлгөн атайын комиссиянын  чечими бар учурда гана күнөөлөр коюла тургандыгы белгиленген.

Вероника Малышева

Фото www



Комментарийлер: 0

ЖАМКтын мурдагы башчысы: Полотов баатырдык менен курман болгон жок. Ага эстелик орнотуу туура эмес!

Батукаевдин тарапкерлеринин колунан курман болгон ЖАББ мурдагы башчысынын атын түбөлүккө калтыруу тууралу депутаттын идеясы генерал Байзаковдун ачуусун келтирди

Комментарийлер: 0

Анвар Артыков: Депутаттар Атамбаевге бардыгын жүктөп атышып күлкүгө айланышты

ЖК депутаты кесиптештерин мурдагы президентти көрсөтмөлөрдүн негизинде гана күнөөлөөнү суранды жана кечээки  жыйындан кийин бардыгы Жогорку Кеңешти сындап жатышкандыктарына токтолду.

Комментарийлер: 0

Министрликтин депутаттын наамына жазган катынан калемпирди сала турган кагаздан жасалган баштыкча жасашкан. Зулпукаров ачууланды (фото)

Маанилүү документтин өз багыты боюнча колдонулбаганы, анын кеңешчисинин күнөөсүнөн улам болгондугунан парламентарий шек санабайт.

Комментарийлер: 0
Подписаться на этот канал RSS