Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтылуу UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди (фото)

Спортчу  - аралаш мушташ боюнча Чолпон-Атада өтүүчү турнирдин ардактуу коногу

Бүгүн, 3 -августта UFCнин чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Eagle Fighting Championship турнири билдирди.

Алардын айтымында, EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү спортчуну Манас эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

Белгиленгендей, Нурмагомедов Кыргызстанга анын командасына кирген Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов менен бирге келген.

Хабиб Нурмагомедов бүгүн Чолпон-Атадагы ипподромдо өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот.

Турнир саат 17.00дө башталат.

Иш -чаранын картасында 19 беттеш бар, анын негизгиси Руслан Яманбаев (Россия) менен Бусурманкул Абдибаит уулунун (Кыргызстан) беттеши болмокчу.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх