Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын кармаштары көрсөтүлөт

Шаардык мэриянын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери түз эфир үчүн LED экран орнотушууда

Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекованын кармаштары бүгүн Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Айсулуу Тыныбекова украиналык спортчу Ирина Коляденко менен бүгүн, 15.15те 62 кг салмакта эркин күрөш боюнча финалга чыгуу үчүн күрөшөт.

Ал эми 16.30да грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов менен Венгриянын спортчусу Тамаш Лоринецтин ортосунда финалдык беттеш болот.

Эркин күрөш боюнча 68 кг салмакта үчүнчү орун үчүн Мээрим Жуманазарованын күрөшү  саат 17.55те көрсөтүлөт.

Түз эфир үчүн шаардык мэриянын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери LED экран орнотуп жатканы белгиленди.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх