Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Ата шаарынын тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Шектүү кармалды

"Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча иш козголду

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-апрелде Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын 50 жаштагы тургуну бычактан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Ал киши акыры каза болгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө каргашалуу окуя мас абалында тамактануу учурунда болгону белгилүү болду. Эки дос спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо чыр чыгып, мушташка чейин жетишкен. Алардын бири экинчисин бычак менен жарадар кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган У.М. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх