Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен жана Ош облустарында сел жүрдү - фото

Анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Лейлек районунун Раззаков шаарында, ошондой эле Баткен районунун Сумбул, Ак-Суу айыл аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кечээ саат 18.00дөр чамасында сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаадар министрлигинин маалыматы боюнча, сел жүргөн аймактарда ички жолдор калган. Раззаков-Көк-Таш унаа жолунун 15-30-чакырымында кум-шагыл төгүлүп түшкөн. Бул убакта жолдор тазаланды. Сүлүктү шаарындагы Маклаевка көчөсүн дагы сел каптады.

Баткен районунун Самаркандек айылы да нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн. Жарандык коргонуу кызматтары селдин кесепеттерин жоюуда.

 

 

Ошондой эле кечээ, 10-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Гүлчө-Эркештам унаа жолунун 43-чакырымындагы жол тилкесин сел каптаган. Натыйжада унаалар ылайга тыгылып калган. Жергиликтүү тургундар тыгылып калган унааны башка унаанын жардамы менен алып чыгышкан.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх