Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү схемасын аныктады

5 адам кармалды

«Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык Казакстан Республикасында бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз баштапкы каттоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда Евразия экономикалык биримдигинин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча мыйзамсыз коррупциялык схема уюштурулган.
Учурда өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан 3000ден ашык жүк ташуучу унаалар мыйзамсыз каттоого алынганы аныкталды. Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 000 000 сомдон 1 500 000 сомго чейинки сумманы түзөт.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - дейт УКМК.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх