Чек арачылар 13,6 миллион сомдук 1,3 миң контрабандалык телефондорду кармашты
Алар микроавтобустагы отургучтардын астындагы жашыруун жерге смартфондорду алып өтүүгө аракет кылышкан
Баткен облусунда чек арачылар 1,3 миңден ашык аткезчилик уюлдук телефондорду алып өтүү аракетин токтотушту.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 12-майда Лейлек районунун Достук айылында чек арачылар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте « Mercedes-Benz Sprinter » үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Текшерүү учурунда унаанын алдыңкы отургучтарынын астынан жашыруун сактагычтар табылган. Эки жагындагы отургучтардын түбү фанера менен жабылып, ичине чөнтөк телефондор катылган.
Жүк ташуучунун товарды ташууга уруксат кагаздары болгон эмес.
«1361 даана 2024-жылы Кытайда чыгарылган TECNO SPARK смартфону табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, смартфондордун баасы 13 миллион 600 миң сомго бааланган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана аткезчилик жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын сүрөтү