Ысык-Аталык үч жашар кыздын 14 кабыргасы сынган. Өгөй атага кылмыш иши козголду
Буга чейин өгөй атасы бутун да сындырган
Ысык-Ата районунда өгөй атасы тарабынан мыкаачылык менен сабалган үч жашар кыздын 14 кабыргасы сынган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ымыркайдын мээси да чайкалып, дене-башы көгала.
Жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бир нече ай мурун дагы кыздын буту сынып, ооруканада жатканын билдирди.
«Алар кызды жыгылып кеткен деп айтышкан. Бирок бүгүнкү күндө анын бутун өгөй атасы сындырганы белгилүү болду», - деди ал.
Аширходжаев ошондой эле кыздын өгөй атасына кылмыш иши козголуп, ал камакта экенин белгиледи.
Анын айтымында, кыздын апасы да жоопко тартылышы керек. Бирок ал азыр бешинчи айлык боюнда бар, ошондуктан камакта эмес.
Эскерте кетсек, буга чейин Красная Речка айылынан 3 жаштагы кыз денеси көгөргөн, сынган, контузия жана күйүктөрү менен ооруканага жеткирилген. Ымыркай өгөй атасы тарабынан кордолгон экен. Ал системалуу түрдө кызды сабап, жамгыр астында итканага түнөөгө мажбурлаган. Ал кармалып, СИЗОго киргизилген.
Сүрөт: www