"Дордой" базарында жигит кымбат куртка уурдап кеткен учур видеого түшүп калган
Ал видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен кармалды
Бишкекте уурулук фактысына шектелген жаран кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 27-февралда милицияга Б.М кайрылып, 20-февралда «Дордой» базарынын аймагындагы контейнерлердин биринен белгисиз адам 23 миң 500 сомдук куртканы уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Уурдоо учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.