Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ок атышып, мушташкан жигиттер кармалды

Кармалгандардын арасында жашы жете элек бала да бар

Бишкекте ок атуу менен жаңжал уюштурган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, 13-майда саат 18:00дөр чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде ок атышуу болгон.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалгандар: 24 жаштагы Р.К., 25 жаштагы К.Б., 23 жаштагы Б.Э., 27 жаштагы Ш.Э., 25 жаштагы Т.А., 23 жаштагы Н.А., 17 жаштагы П.Б., 35 жаштагы Ж.Т. жана 25 жаштагы Ж.Ж. болуп чыкты. Алардан ок атуу учурунда колдонулган травматикалык тапанча алынды.

Жигиттердин ортосунда жаңжал чыгып, мушташка айланып кеткен.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх