Бакиев убагындагы экс-премьер-министр Чудинов Кыргызстанга электр станцияларын курат
Ал курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясын жетектейт
Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКнын башкы директору болду.
Маалыматты Кыргызстандын Энергетика министрлиги тастыктады.
Эске салсак, Игорь Чудинов Курманбек Бакиевдин тушунда өлкөнүн премьер-министри болгон. Ал бир катар коррупциялык иштерге аралашкан. Ага бир нече жолу кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча дагы. Анда Чудинов күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айып салынган. Мындан тышкары, ага 2009-жылдан 2015-жылга чейин «Машина сыноо станциясы» ААКга 200 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлгөн жана максатсыз пайдаланган деп айыпталган. Бирок кийинчерээк айып алынып салынган.
Сүрөт: www