Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга расмий сапар менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди

Жогорку жана бийик деңгээлде бир катар жолугушуулар пландаштырылган

Кыргызстанга расмий сапар менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

 Аэропортто флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

 

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх