Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сауд Арабиясы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызыкдар

Эр-Риядда кыргыз делегациясы долбоор менен тааныштырды

Кыргыз делегациясынын Эр-Риядга (Сауд Арабия Королдугуна) болгон жумушчу сапарынын алкагында Араб координациялык тобунун жетекчилигине, Ислам өнүктүрүү банкынын жана эл аралык Acwa Power компаниясынын өкүлдөрүнө Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору тааныштырылды. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, презентация учурунда Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жыйынга катышкандарга Камбар-Ата-1 ири курулуш долбоорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу айтып, бул долбоорго Кыргызстанда «Улуттук мамлекеттик курулуш» макамы берилгенин белгиледи.

Ошондой эле, кыргыз делегациясынын мүчөлөрү 2024-жылдын июнь айында Вена шаарында (Австрия) Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурула турган Эл аралык инвестициялык форум тууралуу маалымат беришти. Форум Камбар-Ата-1 ГЭСди курууга каржылык ресурстарды тартууга багытталганын белгилеп, кыргыз тарап жолугушуунун катышуучуларын бул форумга катышууга чакырды.

«Өз кезегинде араб тарап Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбооруна кызыкдар экенин билдирип, аны ишке ашыруу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү экенин баса белгиледи», - деп белгилейт Энергетика министрлиги.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх