Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11%га түшүрдү

Чечим бүгүн күчүнө кирет

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11 пайызга түшүрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында каржылык жөнгө салуучу органдын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Улуттук банктын башкармалыгы бир күн мурда кабыл алып, бүгүн, 30-апрелден тарта күчүнө кирет.

«Кыргызстанда инфляциялык процесстердин алсырашы уланууда. 2024-жылдын апрель айында инфляциянын жылдык деңгээли 2023-жылдын декабрындагы 7,3%дан 5,2%ды түздү жана орто мөөнөттүү акча-кредит саясатынын 5-7% максаттуу көрсөткүчүнүн төмөнкү чегине жакындады. Инфляция түзүмүндө товарлардын азык-түлүк тобу боюнча баанын өсүшүнүн байкаларлык басаңдашы байкалган (2023-жылдын декабрындагы 3,4%дан 2024-жылдын апрелиндеги 1,1%га чейин), буга дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баанын төмөндөшү да таасирин тийгизген. Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өсүү темпи бир кыйла токтоо динамикасы менен төмөндөөдө», - деп белгиледи Карабаева.

Ал белгилегендей, өлкөнүн банк сектору туруктуу бойдон калууда жана негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрсөтүүдө.

«Жалпысынан коммерциялык банктар жетиштүү ликвиддүүлүккө ээ, бул өлкөнүн реалдуу секторун андан ары кредиттөө үчүн негиз түзөт. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чен коридорунун чегинде калыптануу уланууда. Ички валюта рыногу туруктуу”, - деп кошумчалады КР Улуттук банкынын өкүлү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх