Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монополияга каршы мамлекеттик орган "Шоро" суусундуктарынын баасынын кымбаттыгын текшерди

Компания баанын көтөрүлүшүн геосаясат жана сапаттуу продукцияны колдонгону менен түшүндүрдү

Монополияга каршы мамлекеттик орган "Шоро" суусундуктарынын баасынын кымбаттыгын текшерди. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мамлекеттик мекемеге жарандардан «Шоро» улуттук суусундуктарынын куюучу жайларда баасы кескин көтөрүлүп кеткендиги боюнча даттануулар түшкөн. Талаптар “Шоро” компаниясына жөнөтүлгөн.

Алар баалардын жогору болушуна суусундуктарды жасоо үчүн сатылып алынган таңгак жана сапаттуу продукциялар, логистикага таасирин тийгизген геосаясий окуялар; товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жалпы өсүшү; компаниянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу себеп болгон деп жооп беришти.

Түшүндүрө кетсек, «Тан», «Максым» жана «Аралаш» суусундуктары үчүн куюучу жайларда 0,2 литри үчүн 24 сом, 0,4 литри үчүн 48 сом, 0,5 литри үчүн 70 сом, 1 литри үчүн 120 сомдон сатылып жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх