Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмок шаарында жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы жана балдардын соматика бөлүмү ачылды

Бөлүмдүн курулушун толугу менен «Ас-Сафа Центр» фонду каржылады

Кечээ, 2024-жылдын 14-майында Чүй облусунун Токмок шаарында патология менен төрөлгөн балдардын жана балдардын соматикалык бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кувейт Аль-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшаянын, о.э. Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Бөлүмдүн курулушу толугу менен “Ас-Сафа Борбору” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 42 миллион сомдон ашык каражатка каржыланды.

Жалпы аянты 634 м2 болгон эки кабаттуу бөлүм төмөнкүлөрдү камтыйт: тамбур, вестибюль, күтүү зонасы, бөлүм башчынын бөлмөсү, каттоо жайы, кароо бөлмөсү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, кызматкерлердин бөлмөсү, медайымдардын бөлмөсү, стерилизация бөлмөсү, алты күндүзгү стационар бөлмөлөрү, душ бөлмөсү, эмдөө бөлмөлөрү, процедуралык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды сактоо жана чарбалык бөлмөлөр. Ошондой эле имарат медициналык жабдуулар жана керектүү эмеректер менен толук камсыздалган.

Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда заманбап кызматтарды камтыган жаңы перинаталдык борбордун ачылышы болгон. Министр ошондой эле статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын төрөлгөн 150 миң баланын 5% ара төрөлгөн ымыркайлар экенин белгиледи. Белгилей кетсек, акыркы 10 жылдын ичинде өтө аз салмактуу балдардын аман калуу деңгээли 5тен 7% га чейин өскөн. Мунун баары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында ишке ашты. Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр Кувейт Аль-Сафа Фондунун негиздөөчүсү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирипбул бөлүмдүн ишке киргизилиши көптөгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх