Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Борбор Азиядагы эң чоң лыжа базасын курууну пландоодо

Долбоор 165 миллион евро өлчөмүндөгү инвестицияны талап кылат

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Долбоор Ысык-Көлдөгү Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын камтыйт.

Маалыматта Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Үч чоку” долбоору менен таанышканы айтылат. Өлкө башчыга ал тууралуу франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан маалымат берген.

 

Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

“Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 миллион еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, биринчи этапта 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулары маалым болду. Буга 165 миллион евро инвестиция талап кылынып, курулуш иштери 2026-жылда аяктай турганы айтылды. Ошону менен бирге мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат.

“Мамлекет башчысы тоо лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды”, — деп билдиришти президенттик администрациядан.

Сүрөт президенттин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх