Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Крокустагы теракт. Путин Ислам Халиловго жана дагы эки өспүрүмгө медалдарды тапшырды

"Экстремалдык шарттарда адамдарды куткарууда кайраттуу жана чечкиндүү иш-аракеттер үчүн сыйлык берилсин"

Орусиянын президенти Владимир Путин Crocus City Hall концерттик залында болгон теракт учурунда адамдарды куткарууга жардам берген үч өспүрүмдү медалдар менен сыйлады.

Президенттин жарлыгына ылайык, Ислам Халилов, Артем Донсков жана Никита Иванов “Адамдарды куткаргандыгы үчүн” медалдары менен сыйланышты.

«Экстремалдуу шарттарда адамдарды сактап калуудагы тайманбастык жана чечкиндүү аракеттер үчүн сыйлык берилсин», - деп айтылат документте.

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы Crocus City Hall концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек болчу. Кол салгандар көрүүчүлөрдүн сыртка чыгышына жол бербөө үчүн адамдарды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, 143 адам каза болуп, 350ү жарадар болгон.

Жеке жарандардын аракетинин аркасында көптөгөн адамдар куткарылып калганы белгилүү болду. Ошентип, ата-энеси кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халилов теракт жана андан кийинки өрт учурунда концерттик залдын коридорлорунун биринде камалып калган жүзгө жакын адамды сактап калган. Өспүрум ошол жерде гардеробчу болуп иштеген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх