Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош аэропортунда 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү токтотулду

Бажы кызматкерлери Кыргызстандык аялды кармашты

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Түркиядан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан зер буюмдарды кармашты.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, Ош эл аралык аэропортунда Стамбулдан учуп келген Кыргыз Республикасынын жараны жалпы салмагы 298 граммды түзгөн зер буюмдарын - бажы көзөмөлүнөн жашырып жүргөн жеринен кармалган.

Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 482 миң 978 сомду түздү. Топтолгон материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

 Фото Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх