Ошто сойкулук менен алектенген кыз кармалды
Ижара берген батирдин ээси да кармалган
Ош шаарында милиция кызматкерлери сойкулук менен алектенген 28 жаштагы кызды кармашты.
Түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, социалдык тармактарга “Дина” аттуу кыз сексуалдык кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарды жайгаштырган. Милиция кыздын өздүгүн аныктаган. Маалым болгондой, Ж.М. бир ай мурун Орусиядан Кыргызстанга кайтып келип, Ош шаарында батир алып, интернет аркылуу кардарларды издей баштаган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Кара-Суу районунун тургуну сойкулукка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ошондой эле Кара-Суу районунун тургуну — батирдин ээси 26 жаштагы М.уулу С., кармалып, тинтүү учурунда бычак жана Макаров тапанчасына окшош курал табылган.
Экспертиза дайындалды.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы