Кемин районундагы кен талаасында 20 жаштагы жумушчу каза болду
Ал жерде урап түшүү болгон
Кемин районундагы кен талаасында 20 жаштагы жумушчу каза болду. Редакциялык маалыматты КР Жаратылыш ресурстар министрлиги тастыктады.
Мекемеден билдиришкендей, 30-апрелге караган түнү ал жерде урап түшүү болуп, жигит каза болгон.
Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Медетбек Маметов урап түшүү болгон жерге барган.
Окуяны иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү.
Авария болгон кенде « Ши-Цзинь Тоо-курулуш компаниясы» ЖЧКсы иштейт.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз