Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ташкенттеги Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты - фото

Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын суммасы 289 миллион доллардан ашат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын суммасы 289 миллион доллардан ашат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара оюндары Ташкентте өтөт.

Кошумчалай кетсек, жумуш сапардын алкагында МинКаб Төрагасына “Янги Ташкент” долбоору тапшырылды.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх