Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров ЕРӨБ Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан мамлекеттик денгээлде 100 долбоор иштелип чыккан

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Жолугушууда 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына кирген негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилеген МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров гидроэнергетика, суу ресурстары, тоо-кен, агроөнөр жай, транспорт, жеңил өнөр жай жана курулуш тармактарында активдүү кызматташууну сунуштады.

“Бул багыттардын бардыгына өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу керек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан мамлекеттик денгээлде 100 долбоор иштелип чыккан. Өзгөчө суу ресурстары тармагындагы маселелерди чечүү үчүн каржылоону колдоо зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Одиль Рено-Бассо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатын көздөгөн мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх