Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта 30дан ашык баланы сүзүп кеткен Портер унаасынын айдоочусу кармалды

Бул окуя Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын жетекчилеринин көзөмөлүнө алынды

Сузакта мектеп окуучуларын сүзүп кеткен Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Октябрь Урманбетов Сузак районуна жөнөп, абалды көзөмөлдөп жатат.

Бул иш УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин да көзөмөлүндө экенин министрликтен кошумчалашты.

Эске сала кетсек, 2-майда Сузакта миңдеген балдар “Манас” эпосун аткарган иш-чарада “Портер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа эңкейиштен ылдый түшүп түз эле чогулган мектеп окуучуларын сүзүп жүрүп кеткен. 32 бала жабыркап, алардын 18и ооруканада, төрт окуучунун абалы оор.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх