Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мээнин чайкалышы, дене мүчөлөрүнүн сыныктары, органдардын жарылуусу. Сузакта жабыркагандардын саны 34 адамга жетти

Беш бала реанимацияда

Сузакта “Манас” эпосун айтуу учурунда жүк ташуучу унаа кагышып, жабыркагандардын саны 34кө жетти. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы бир күн мурун Сузакка келип, бейтаптарды кыдырып чыкты.

«Жабырлануучулардын төртөө Сузак райондук ооруканасында жатат. Алардын мээси чайкалган, биринин буту сынган. Алардын төртөө Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда, 11 жабырлануучу Жалал-Абад шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасында жана 1 адам аймактык чоңдор ооруканасында. Беш бала реанимацияда, экөөнүн боору жана көк боору жарылган; Алар наркоздон чыгып, эстерине келип, сүйлөшүп жатышты. Абалы оор болгон үчөөнүн көрсөткүчтөрү туруктуу. Бүгүн дагы бир балага операция жасайбыз. Краниотомия жасайбыз. Нейрохирургдар, травматологдор, хирургдар келишти, консультацияларды өткөрүп жатабыз, дарылар жетиштүү. Баардыгы көзөмөлгө алынды», - деди Бейшеналиев.

Ал белгилегендей, жабыркагандардын арасында жүк ташуучу унаа сүзгөн учурда боз үйдө болгон 1988-жылы туулган мугалим да бар.

Эске сала кетсек, 2-майда Сузакта миңдеген балдар “Манас” эпосун аткарган иш-чарада “Портер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа эңкейиштен ылдый жүрүп кетип түз эле чогулган мектеп окуучуларын сүзүп кеткен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх