Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузактагы трагедия. 20 мектеп окуучусу ооруканада, анын бешөө реанимацияда (фото)

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркаган балдардын абалы тууралуу айтып берди

3-май күнү эртең менен Сузакта жабыркаган 20 мектеп окуучусу Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев барып, Сузактагы кургак учук жана Октябрь райондук борбордук балдар ооруканасындагы балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

«Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала жатат, алардын бешөө реанимацияда, алардын абалы оор деп бааланып жатат. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1 жабырлануучу, Сузакта ТБ ооруканансында - 3 мектеп окуучусу, Октябрь райондук БМСКда - 4 бала. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында кан жана анын компоненттери, дары-дармек жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин мекеме кошумчаланды.

 

 

 

Эске сала кетсек, 2-майда Сузакта миңдеген балдар “Манас” эпосун аткарган иш-чарада “Портер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа эңкейиштен ылдый жүрүп кетип түз эле чогулган мектеп окуучуларын сүзүп кеткен. Окуянын кесепетинен 34 адам жабыркаган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх