Депутат попросил президента сделать акцент на регионы
Алмамбет Шыкмаматов выступил на заседании Национального совета
Развитие регионов должно стать приоритетной политикой в Кыргызстане. Об этом на заседании Национального совета заявил депутат Алмамбет Шыкмаматов.
По его словам, каждая страна пользуется своим преимуществом.
- Наше преимущество - это сельское хозяйство, и именно на это необходимо сделать акцент, - сказал народный избранник. - Акимы и губернаторы не смогут в полной мере развить регионы. Только инвесторы это смогут сделать. К примеру, российские инвесторы готовы приехать. Они говорят: «У нас есть деньги и желание, создайте только условия». Поэтому я прошу этот момент проработать в стратегии.
Напомним, сегодня проходит заседание Национального совета, где обсуждают Стратегию долгосрочного развития Кыргызстана до 2040 года.
Бакыт Стамов
Фото www
Похожие материалы (по тегу)
- Главой Налоговой службы назначен Алмамбет Шыкмаматов
- В Ошской области за земельные махинации задержали депутата
- Бакыт Керимбеков: Депутаты и госслужащие нужны из созидателей, а не разрушителей
- Глава ГИК стал помощником президента
- В Чолпон-Ате задержали местного депутата, который угрожал расправой налоговикам
Комментарии
Калп айткан менен болобу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн меркантилдик максаттарына жетүү үчүн марионеткадай эле пайдаланды окшойт.
Сапар Исаков мурдагы президенттин эң ишенимдүү адамдарынан болгондугу жашыруун эмес. Өзүнүн эмгек жолун Кыргызстан Эл аралык университетинде катардагы мугалимдиктен баштаган С. Исаков 2003-2007-жылдары тышкы иштер министрлигинин аппаратынын кызматкери, андан соң эл аралык укуктук кызматташуу боюнча атташе, 2-3-катчы, ТИМдин бөлүм башчысы болуп иштеди. Ошол жерде иштеп турганда мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Медет Садыркуловдун назары түшүп, эртеңинен көптү үмүттөндүргөн жаш кадрды агездеги премьер Атамбаев менен тааныштырат. Бул таанышуу Сапар Исаковдун карьерасынын тездик менен жогорулашын шарттайт. Көп өтпөй КР Өкмөтүнүн аппаратынын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. А түгүл Атамбаев кызматынан кеткенден кийин да Исаков аны менен байланышты үзбөй, өлкөдөгү саясий окуялар боюнча маалыматтарды берип, кырдаал боюнча масилеттешип, кеңешип турган.
2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу, “царь” атка конгон Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук Агенттикти (ЦАРИИ) түзөт. Тышкы иштер боюнча Сапар Исаковдун тажрыйбасы керекке жарап, жаңы агенттиктин коммуникация кызматын жетектеп калат. 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин агенттик жоюлуп, Максим Бакиев өлкөдөн качууга аргасыз болду. Бирок Сапар Исаковдун жаңы революциялык өкмөттүн аппаратында Алмаз Атамбаев башында турган оңбогондой “крышасы” бар болчу. Ал “крышасы” көпкө күттүргөн жок, С. Исаковду жаңы кызматка алып келди .
Кырктын кырына жете элек кезинде Исаков президенттин аппаратынын башчысы болуп дайындалды. Президенттик аппаратта иштеп турганда Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелге Исаковду өзүнүн оң колу экенин айтып тааныштырып, жар салды. Ошондон тарта Атамбаевдин башкы мураскери катары Исаковдун аты аталып, анын таасири күндөн-күнгө өсө баштады. Президенттин айланасындагылар Атамбаев бул элпек жигиттин айткан кеп-кеңештерин уга турганын айтып жүрүштү. Ал таланттан, дараметтен куру эмес болчу, кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөй да, жаза да билет, документтер менен иштегенди жакшы өздөштүргөн, дипломатиялык жөндөмү да мыкты. Мындай өзгөчөлүктөрү менен Исаков өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүп, жөнгө салууга экс-президентке жакындан жардам берип турганы талашсыз.
2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрелине чейин Сапар Исаков өкмөт башчы болуп иштеди. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамилелери келишпей калганда, Исаковдун өкмөтү ишеним көрсөтпөөчүлүк менен отставкага кетирилди. Андан көп өтпөй Исаков УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу коррупциялык иш боюнча кармалып, камакка алынды. Эртеси күнү Атамбаев коомчулукка билдирүү менен чыгып, анда Исаковго, ж.б. соратниктерине тагылган айыптар негизсиз экенин айтып, бардык күнөөнү өзүнө алды. Экс-президенттин мындай жүрүшүн кээ бир саясат талдоочулар тергөө ишин тереңдетпөөгө ишаарат бергени, ошол эле мезгилде тергөө органдарына өзүнө айып тагууга жем таштаганы катары баалашты. Бирок анда экс-президенттин макамы болгондуктан, ага айып тагуу мүмкүн эмес болуп келүүдө.
Баса, Исаковго байланыштуу бир жагдайды эстебей коюуга болбойт. Мурдагы өкмөт башчы президенттик аппаратты жетектеп турганда WikiLeaks сайтынын чуулгандуу документинин каарманы болууга жетишет. АКШнын Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ишенсек, анда Исаков АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маалымат ташуучусу экени айтылган.
Бүгүнкү күндө Исаков менен Атамбаев баррикаданын эки тарабында. Биринчиси 5-июндан бери УКМКнын абагында болсо, экинчиси эркиндикте жүрөт. Бир караганда экөөсүнүн бекем достугу уланып жаткандай эле таасир калтырат. Мурдагы премьер ыңгайы келген жерде өзүнүн колдоочусун “актап” келүүдө. Бул өңүттөн алганда, С. Исаков Атамбаевге мамилеси, риторикасы өзгөрбөгөн бойдон калган саналуу саясатчылардын бири десек болот. Экс-президент да өзүнүн шакиртин жактап келет. Бул эми албетте, түшүнүктүү деңизчи, экс-президент Исаковдун репутациясы ымыркайдын көз жашындай эле таптаза бойдон калуусун каалап жатат, бирок басымдуу көпчүлүк андай ойлордон алыс. Исаков унчукпай келе берсе, экөөсүнүн биргелешкен кыңыр иштери ачыкка чыкпай, жабылуу аяк бойдон каларын экс-президент эң жакшы түшүнүп жатат. Бирок бардык нерсенин чеги бар. Кыңыр иш кырк жылда дейт.
Сөздү улай турган болсок, экөөсүн көөп нерсе байланыштыра турганын белгилей кетели. Тагыраагы, Бишкек ЖЭБинен сырткары, Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын башчысынын орун басары катары долбоорду ишке ашырууда кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын катуу колдогон. Анын натыйжасында мамлекеттин казынасына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени анык болду.
Маселе С. Исаков менен эле чектелбейт, кыргыз бийлиги Алмазбек Атамбаевге байланыштуу да иликтөө иштерин жүргүзүүнү көздөп жатат. Экс-президент Россия жана АКШдан кайтарымсыз түрдө алган аскердик техникаларды Африка өлкөлөрүнө согуштук аракеттерге пайдалануу үчүн мыйзамсыз ижарага берген деп шектелүүдө. Так айтканда, 2014-жылы экс-президент Уганда өлкөсүнө 2 даана Ми-24, 2 даана Ми-8МТВ тик учактарын эки жылга ижарага берүү боюнча буйрукка кол койгон. Бул учактардын баары Россиядан техникалык жардам катары кайтарымсыз негизде алынган болчу. Кийинчерээк аталган техникалар Сомали өлкөсүндөгү согуш жүрүп жаткан зонадан табылган. Ошол убакытта, 2014-2015-жылдары президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн Сапар Исаков жетектеп турган. Ал ошондо кыргыз аскерлерине кайрылып, аскердик техникаларды Африкадагы бир өлкөгө ижарага берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөрбөөгө көрсөтмө берип, башкы командачы Атамбаевдин буйругуна баш ийүүнү талап кылган.
Демек, эгерде Сапар Исаков тергөөчүлөргө болгонун болгондой айтып, кылгандарын моюнга ала турган болсо, анда Атамбаевди да темир тор артына жетелечү көптөгөн фактылар ачыкка чыгары бышык. Ага жетпеши үчүн экөөсүнүн “достугу” уланышы абзел, ошол себептен экс-президент соратнигинин абактан эртерээк чыгышына өтө кызыкдар болуп жаткан чагы. Бирок бүгүнкү реалдуулуктан карай турган болсок, Исаковдун “суудан кургак чыгуусу” өтө эле кыйын болчудай. “Патронунун” көрсөтмөлөрүн аткарып, көптөгөн былык, кыңыр иштерди жасаган Исаков эркиндикке чыгып кетсе, акылга сыйбас иш болорун бөркүбүздөй көрөлү.