Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада ооган жоокерлери эскерилди

Борбор калаанын Октябрь районунда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган жыйын-реквием болуп өттү

Ооган жоокерлеринин элеси бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.Иш — чара
К.Ата-Түрк атындагы сейил багында өттү. Ага ооган ардагерлери, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Аскердик атташеси Игорь Довбня, Казакстандын Кыргызстандагы Элчилигинин Аскердик атташеси Макишев Ербол Куантаевич, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, Ооганстандагы согуштун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин кыргыз коомдук кыймылынын төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.

Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.

Биринчи май райондук администрациясында Советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата райондун башчысы Максатбек Сазыкулов Ооган ардагерлерине администрациянын эмблемасы түшүрүлгөн кол сааттарды тапшырды.

Аким ардагерлерге өлкөнүн жана коомдун турмушуна жигердүү катышкандыгы, аскердик бир туугандыкка берилгендиги, майыптарга жана курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүп, жаштарды патриоттук тарбиялоого өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы Свердлов районунда да өттү.

Иш-чарага каза болгондордун үй-бүлөлөрү, ардагерлер, ошондой эле Ооган окуяларынын катышуучулары чакырылган.

Учурда шаардын социалдык коргоо органдарында АДРнын 729 катышуучусу жана алардын жесирлери каттоодо турат, анын ичинен 32 майып, 688 интернационалист катышуучусу, ошондой эле Афганистан Демократиялык Республикасында интернационалдык милдетин аткарууда курман болгон жоокерлердин 9 үй-бүлөөсү бар.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шарынын мэриясынын сүрөтү

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх