Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Ал 20-декабрда акча каражатын алып жатканда кармалды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык фактыларды аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом талап кылган.

Ал 20-декабрда акча каражатын алып жатканда кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх