Осмонбека Артыкбаева тоже заключили под стражу
Депутату инкриминируется коррупция
Накануне генеральный прокурор возбудил в отношении депутата ЖК Осмонбека Артыкбаева уголовное дело по ст. 303 ч.1 (Коррупция) УК КР при реализации проекта “Модернизация ТЭЦ г.Бишкек”.
В рамках расследуемого уголовного дела в качестве подозреваемого в совершении преступления, предусмотренного статьей 303 ч.1 УК КР, депутат Артыкбаев был задержан и водворен в ИВС СИЗО ГКНБ.
Пресс-центр ГКНБ
Фото www
Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Похожие материалы (по тегу)
- Садыр Жапаров: Коррупция — это угроза стабильности и будущему нашей страны
- Работники типографии «Учкун» и инспекторы УПСМ организовали коррупционную схему
- В Тюпском районе чиновники украли землю на 18,193 млн сомов
- Камчыбек Ташиев: Приближается время, когда простой народ хорошо заживет
- Магия «золотого» строительства Бишкека: вместо школ и предприятий – ТЦ и многоэтажки
Комментарии
June 06, 2018
Кыштын ызгаарында Бишкек ТЭЦинде болуп өткөн авария аны модернизациялоодо ири коррупция жойлоп кеткенин коомчулукка ачык көргөзүп койгон. Натыйжада бул иш боюнча депутаттык комиссия да түзүлүп, анда 30 чакты аткаминердин аттары аталган. Парламенттин кабыл алган токтомунда ошол ТЭЦти модернизациялоо учурунда КР президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт киргизилген.
Ошондон кийин адегенде ТЭЦ коррупциясы боюнча жети адам камакка алынганы маалым болгон. Бирок, коомчулукта «Ошол иштин башында турган чыныгы күнөөлүүлөр качан камалат?» деген суроо коюлуп, ага жооп күтүп турушкан. Кече 5-июнда бул суроого жооп берилди.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен адегенде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөө иштери аяктаганга чейин эки айга УКМКга камакка алынды. Андан кийин ошол эле күнү Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан региондорго мектеп курууга берилген 2 млн доллардын мыйзамсыз коротулганына тиешеси бар деген айып менен атайын кызматтын тергөө абагына июнь айынын аягына чейин камакка алынды.
Ал эми 6-июндун таңында ЖК депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев камакка алынганы маалым болду. Маалыматка караганда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча иш козголгон.
Демек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо ири коррупцияга жол бергендердин «лөктөрү» камала баштады. Эми алар кымырып алган миллиондорун кайра чыгарабы, кеп ошондо.