Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарына жакын жерде 6 бала сууга чөгүп кеткен окуяга күнөлүү айдоочу кармалды

Учурда кылмыш иши козголду

6 бала, анын ичинде үчөө өзүнүн баласы сууга чөгүп каза болгон окуяга күнөлүү айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кырсыктын чоо-жайын билдирди. ОИИБдин маалыматына ылайык, 20-июнь күнү Жайыл районунун Алтын айылындагы көлмөгө 1984-жылы туулган Г.Т., үй-бүлөсү жана жубайынын эжесинин үй-бүлөсү менен эс алганы барышкан. Саат 18:30 чамасында Г.Т. мас абалында Фольксваген Джетта үлгүсүндөгү унаасынын рулуна отуруп, рулду башкара албай, көлмөгө түшүп кеткен.

Натыйжада айдоочунун жашы жете элек балдары: 2017-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.К., 2020-жылы туулган Б.Т. жана анын жубайынын эжесинин балдары - 2015-жылы туулган Б.В., 2019-жылы туулган Б.Р., жана 2018-жылы туулган Б.А. сууга чөгүп каза болушкан.

Айдоочу Г.Т өзү, анын жубайы 1998-жылы туулган Б.О., кызы 2024-жылы туулган Г.Р., жубайынын эжеси 1997-жылы туулган Б.О., анын кызы 2017-жылы туулган Б.С., унаадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИБнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Г.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Сүрөт ОИИБ басма сөз кызматы

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх