Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат

Ошто энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Кара-Суу РЭТи тейлеген 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткендиктен, 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калган.

Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы 1 даана электр мамысы агып кеткен.

Азыркы учурда керектөөчүлөргө башка көмөк чордондон электр энергиясын берүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат.

6 даана атайын техника — 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылды.

Мындан тышкары, Ош ЭТИнин кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө.

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх