УКМК мэриянын 9090 сомдон сатып көчөттөрүнүн мыйзамдуулугун текшерет
Козголгон кылмыш ишинин алкагында аудит жүргүзүлөт
УКМК 2018-жылдын 25-апрелинде козголгон кылмыш ишин иликтейт. «Зеленхоздун» кызматкерлери тарабынан сатылып алынган көчөттөр боюнча КР КК 221- берене 4 п. жана 1,2 пункттарда көрсөтүлгөндөй кылмыш иши каралат, 304 берененин 2-бөлүгү жана 306- берененин 2 б. 3 пункту менен кылмыш ишин козгойт.
2017-жылы 23- октябрда ЖЧК «Арт Грин» менен 9090 сомдон кээ бир көчөттөрдүн түрүн сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
2017 жылдын май айындагы бюджетинин планына ылайык, көчөттөрдү сатып алууга 60 миллион сом каралган. 2017-жылдын ичинде «Арт Грин» менен 3 келишим түзүлгөн, ал келишимдердин жалпы суммасы 18 615 980 сомду түзгөн. ЖЧК «АГТ Азия» менен жалпы суммасы 8 948 816 сомдук эки келишим түзүлгөн. ЖЧК «Зиар Строй» менен жалпы суммасы 14 481 000 сомду камтыган 6 келишим түзүлгөн.
Азыркы учурда көп сандаган көчөттөрдү сатып алуу факты жана анын мыйзамдуулугу боюнча кылмыш ишинин алкагында аудит жүрүп жатат. Тергөө жүрүп жатат.
УКМК нын пресс-борбору
Фото www