Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ороктогу улуттар аралык кагылыш: Кармалгандардын баарын бошотушту

Учурда Чүй областык ИИББ кызматкерлери айылды кыдыруу менен көзөмөлдөөну улантып жатышат

Сокулук райондук ИИБнүн кызматкерлери өткөн түнү Орок айылында болуп өткөн чырдашуудан кийин, анын жыйынтыгында бөлүмгө алынып келинген кармалгандарды өткөн түнү кое беришти. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Чүй областык ИИББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Милициядан алынган маалыматтар боюнча 31 адам кармалып, алардын 24ү сурактан кийин кечинде үйлөрүнө бошотулган.

Жергиликтүү мечитте 11.00дө чырга байланыштуу милициянын, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрунүн жана эки этникалык топтордун өкүлдөрүнун катышуусунда жыйын болот.

Эсиңиздерге салсак, 5-июнда Чүй областынын Сокулук районундагы Орок айылында мушташ чыгып, анын жыйынтыгында айыл тургундарынын ортосунда кагылышуу болгон. Бул тууралу жергиликтүү ЖМК билдирип жатышат.

Мушташ эрте мененки Айт намазынан кийин башталган. Катышуучулардын бири түрк, экинчиси кыргыз болгон. Кабарлангандай, чырдашуу улуттар аралык негизде жаралган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх