Марлен Маматалиев көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салууну демилгеледи
“Турмуштук татаал кырдаалдарда көптөгөн жарандар экстрасенс жана сыйкырчы дегендерге кайрылат”
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ коомдук талкууга коюлду.
Маалымкат-негиздемеде “Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир окульттук, магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты” деп жазылган.
Эл өкүлү турмуштук татаал кырдаалдарда көптөгөн жарандар экстрасенс жана сыйкырчы дегендерге кайрыларын айтты.
- Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес экендигин көрүү аянычтуу- деди Маматалиев.
Фото www