«Всем интересно, какую позицию займет гражданский сектор после встречи с президентом»
Эксперты полагают, что рейтинг Сооронбая Жээнбекова повысится
После встречи с гражданским сектором рейтинг президента повысится. Таким мнением с Vesti.kg поделился политолог Марат Казакпаев.
- Для развития демократии необходимо показывать, что гражданское общество - это не оппозиция, государство с ним сотрудничает и решает проблемы сообща, - пояснил он.- Президенту большой плюс, что он решил провести подобное мероприятие. Теперь не станут говорить, что он избегает диалога с гражданским сектором или боится его.
В свою очередь профессор, политолог Айнура Арзыматова считает, что Сооронбай Жээнбеков хочет найти поддержку со стороны гражданского сектора.
- В настоящий момент в политической жизни страны происходят неординарные события, такие как досудебное решение относительно экс-главы МВД Молдомусы Конгантиева или домашний арест Канатбека Исаева, - напомнила она в разговоре с Vesti.kg. - Теперь общество больше всего ожидает, какую позицию займут представители гражданского общества и какую оценку дадут политической ситуации.
Другой политолог, экс-спикер ЖК Зайнидин Курманов отметил, что встреча главы государства с гражданским сектором - знаменательное событие, поскольку ранее эти отношения были разрушены.
- Строительство правового демократического государства не может быть без участия гражданского сектора, - подчеркнул он в беседе с Vesti.kg. - Всего есть три сектора: государственный, гражданский и бизнес. Государство можно считаться успешным лишь тогда, когда все эти секторы взаимодействуют. На постсоветском пространстве государства строятся без участия гражданского сектора и бизнес-сообщества. В итоге это порождает халтуру, бюрократию и коррупцию. Ведь у государства есть возможность принуждать, а у других секторов этой возможности нет - они скорее убеждают.
Напомним, сегодня Сооронбай Жээнбеков встретился с представителями гражданского сектора. На мероприятие было приглашено 40 активистов.
Вероника Малышева
Фото www
Похожие материалы (по тегу)
- Новым президентом Ирана стал реформатор Масуд Пезешкиан
- Независимость от ОРТ, зарубежные вузы за счет бюджета – «плюшки» «Акылман»
- Потянут ли родители полную оплату питания детей в детсадах?
- Президент Грузии наложила вето на закон об иноагентах
- Эксперт: Чтобы энергопредприятия вышли на самоокупаемость, кабмину придется повысить тарифы
Комментарии
Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул иш-чарага өлкөдөгү активисттер, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган 40тай адам катышты. Өлкө башчысы бул жолгушууда ар бир кыргызстандык жарандын максаты өлкөбүздү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу, жалпы мекенибиздин жаркын келечегине кызмат кылуу экенин баса белгилеп, ал үчүн чогуу аракеттенүү керектигин белдирди. “Мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталат, максаттар ачык-айкын болот. Сиздер менен жолугушуу чечими дагы мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгондугун баса белгилегим келет”, — деди С.Жээнбеков.
Өлкө башчысы жарандык коомдун өкүлдөрүнө өз тажрыйба-билимин, энергиясын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына, жаратмандык позицияга багыттоону каалады. Саясий маселелерде гана эмес, өлкөнүн башка көйгөйлөрүн чечүүдө да активдүү болууга чакырды. “Баарыбыздын милдетибиз, миссиябыз бир — Кыргызстаныбызды өнүктүрүү, анын эгемендүүлүгүн, азаттыгын, демократия баалулуктарын, биримдигин, ынтымагын чыңдоо. Улуу залкар жазуучубуз, гуманист-ойчулубуз Чыңгыз Айтматов айткандай “Баарыбыз бир кемедебиз”. Биздин кемебиз — Кыргызстан”, — деди президент.
Өлкө башчысы акыркы жылдарда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн, бул биз сыймыктана турган чоң жетишкендик экенин белгиледи. Президент бул потенциалды мамлекеттин кызыкчылыгында сактап, бекемдешибиз керектигин айтты. “Жалпы улуттук ынтымак — биздин башкы приоритетибиз. Бул маанилүү иште жарандык коом чоң роль ойнойт. Мен сиздерди өлкөбүздө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө менен гана чектелбестен, адилеттүү бийлиги жана ынтымактуу коому бар гүлдөп-өнүккөн мамлекетти куруу үчүн алдыңкы прогрессивдүү күчтөрдү бириктирүүгө, биздин бардык ресурстарды мобилизациялоого чакыргым келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө айта келип, мамлекет башчысы бул иш убактылуу «өнөктүккө» айланбоосу керек экенин белгиледи.
“Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент сот реформасына да токтолуп, бул реформаны реалдуу түрдө, калк өз турмушунда сезгендей деңгээлде турмушка ашыруу көп күч-кубатты жана бекем эркти талап кылган өтө олуттуу маселе экенин белгиледи. Анткени бул реформа көп коррупционердин «чөнтөгүн» тарытат. Бул багытта да жарандык коомдун колдоосу өтө зарыл.
Бишкек, 19.07.18 /Кабар/. Жарандык сектордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жана коррупциялык схемаларды аныктоодо жарандык коом менен иштешүүгө даяр экенин ырастады. Бул жакшы билдирүү. Мындай пикирин эксперт Шерадил Бактыгулов президенттин жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айткан сөздөрүнө карата билдирди.
Саясат таануучу президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусу коррупцияга каршы күрөштүн көп пландуу компоненттеринин бири экенин белгиледи.
“Президент бул багытта ырааттуулук менен максатка карай бара жатат. Бул тармакта өткөрүлүп жаткан Коопсуздук кеңешинин отурумун, ай сайын болуп жаткан сүйлөшүүлөрдү карап көрсөк, ал коррупцияга каршы күрөш тармагында пландын негизинде жана ырааттуулук менен иш алып барууда. Албетте бул жерде жарандык коомго жакшы роль берилген. Жарандык сектор ким кайсы схеманын катышуучусу экенин жана кайсы чиновник таза эмес экендиги тууралуу билдире алат. Анткени мамлекеттик органдарда схемаларды аныктай ала турган адамдар жок, жана көп учурда өздөрү да катышып калышат”, - деди Бактыгулов.
Ал жарандык сектор менен мамлекеттик органдардын иштөө форматына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, мамлекеттик түзүмдөрдө бул максатта түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештер бар, бирок алар толук кандуу иштешпейт.
“Бул жакшы билдирүү. Себеби системалык коррупция жоголот. Жарандык коомдун дагы бул жерде жакшы ролу бар. Алардын ролу коррупциялык иш-аракеттер жана мыйзам бузуулар тууралуу белги берүү”, - деди Бактыгулов.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик орган болобу, өкмөттүк эмес уюм болобу, эмгектенген жерибизге карабай, баарыбыздын теӊ түпкү максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу, жалпы мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечегине кызмат кылуу экенин баса белгиледи. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталат, максаттар ачык-айкын болот. Мындай өнөктөштүк иштин ийгилигине өбөлгө болот.
Бишкек, 19.07.18 /Глеб Куренев - Кабар/. На встрече гражданского сообщества с президентом Сооронбаем Жээнбековым был поднят вопрос о таком негативном явлении, как увеличение количества детских домов и интернатов в Кыргызстане. Об этом рассказала представитель ОО «Лига защитников прав ребенка» Назгуль Турдубекова
«За последнее время в Кыргызстане увеличилось количество детских домов и интернатов на 30%. В текущем году в детских домах более 13 тысяч детей. У детей, которые там растут вырабатывается синдром выученной беспомощности, они очень тяжело социализируются. Им сложно будет создать модель благополучной семьи, так как они её не видят. Реформы в этой отрасли на территории постсоветских стран прошли благодаря президентам. Система коррумпированности в этой отрасли высока, а чиновники вовлечены в эту систему. Не одно политическое лицо никому не подвластно, кроме президента. Мы обратились к президенту, что бы он возглавил такую реформу в нашей стране. Нужно, чтобы был создан механизм, позволяющий вернуть детей в семьи», - делится Турдубекова.
Представитель общественного объединения отметила, что Сооронбай Жээнбеков поддержал обеспокоенность в этом вопросе. Также президент отметил, что в Кыргызстане исторически ни один ребенок или пожилой человек не передавался в интернаты, так как их просто на просто не было.
В целом, как отмечает Турдубекова, встреча прошла и была организована очень хорошо.
«Каждый из нас смог высказать все основные проблемы системного характера, которые касались почти всех стратегических направлений страны. Это вопросы реформирования детских домов и интернатов, вопросы возвращения детей в семью. Вопросы реформ правоохранительных органов, так как есть много проблем, когда со стороны сотрудников наблюдается превышение должностных полномочий, которые приводят к пыткам.
Был поднят вопрос о том, что необходимо реформировать судебную систему, так как много неправосудных решений. Это влияет на становление Кыргызстана как правового государства. Также поднимались вопросы соблюдения свободы слова и экологических проблем», - рассказывает Турдубекова.
Сооронбай Жээнбеков в свою очередь отметил, что он создаст все условия для проведения такой реформы. Кроме того, проблемы касательно детей, проживающих в детских домах и интернатах можно будет обсудить во время встречи тематических групп.
«Я была приятно удивлена, что президент хорошо ориентируется во всех вопросах. Было видно, что он владеет ситуацией, он разбирается в деталях, у него есть перспективное видение по решению той или иной проблемы. У меня сложилось впечатление, что с его стороны есть большое желание проводить реформы», - подытожила Назгуль Турдубекова
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен өткөн жолугушуу позитивдүү болду деп эсептейт. "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ал:
- Жакшы, позитивдүү диалог болду. Төрт саат жылбай отуруп сүйлөштү биз менен. 40 адамдын ар бирине үч мүнөттөн сөз берилди. Сөзүн аяктай албай калгандарга кошумча убакыт берилип жатты. Биздин айткандарыбыздын ар бирин жазып алып, жооп берди.
Абдирасулова өзү жолугушууда Кыргызстанда кыйноолор токтобой жатканын белгилеп, аскер кызматкерлеринин абалына, соттордун ишине байланыштуу төрт маселени көтөргөнүн айтты.
Правозащитница отметила, что это первая качественная встреча за последние несколько лет, где все участники смогли поднять волнующие их вопросы донести информацию о положении в секторе.