Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самые читаемые

Телепортация ? Аскарбек Шадиевдин кайда экендигин УКМК да, баш прокуратура да билбейт

Депутаттын кайда экендиги тууралуу маселе Өткүрбек Жамшитовду туюкка кептеди

Депутат Рыскелди Момбеков баш прокурордон Аскарбек Шадиевдин кайда экендигин сурады.

- Өткүрбек Асилбекович, сиз бул кызматка келгениңизге аз эле болду. Ошондуктан сизге жебеген самсага төлөөгө туура келет, - деп кайрылды депутат Жамшитовго.  - Мен көпкө чейин оозум барбады, бирок баары бир сурайын. Шадиев кайда ?  Ал бир туруп дарыланат, бир туруп жоголуп кетет. УКМК болсо Кыргызстандан чыккан жок дейт, анын жардамчысы болсо тескерисинче айтат. Мен дагы бир жолу сурайын : сиз билесизби анын кайда экенин ? Сиз аны суракка чакырган жоксузбу ? Телефон аркылуу сүйлөшпөдүңүзбү ?

Депутаттын суроосу баш прокурорду туюкка такады. Жамшитов эки анжы болуп туруп, анан, УКМК жооп берет буга деди.

Өз кезегинде улуттук коопсуздук Мамкызматынын башчысы  чек арачылардын маалыматына караганда Шадиев чек арадан өткөн эмес деди.

- Иш суракка жете элек болчу, иликтөө алгачкы стадиясында, - деп билдирди УКМКнын башчысы. Жамшитов кокус Шадиев суракка келбесе тийешелүү чараларды көрөбүз деп билдирди.

Бүгүн парламент отурумунда баш прокурордун 2017-жыл үчүн отчётун угуп жатышат.

Вероника Малышева
Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх