Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самые читаемые

Казакстандык оппозиционердин апасы Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылды

Ал Муратбек Тунгишбаевди мекенине кайрып бербөөнү суранат, анткени Кзакстандагы соттор бийликтин пайдасына гана чечим чыгарышат

Бактыбол Тунгишбаева - Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган казакстандык активист оппозиционер Муратбек Тунгишбаевдин апасы. Ал Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана Казакстандагы КР иши боюнча Убактылуу ишенимдүү Кайнарбек Токтомушевге видеокайрылуу жасады.

Анын айтымында, КР УКМК сы Муратбек Тунгишбаевди Казакстан бийлигинин официалдуу суроосу боюнча камады.

- Азыр Бишкекте менин баламды Казакстанга экстрадициялоо каралып жатат, - дейт ал камерадан. - Менин балам Казакстандын бийлигине өзүнүн сыны менен белгилүү болгон жарандык активист, блогер жана укук коргоочу. Мунун баарына Казакстандын мыйзамы боюнча тыюу салынган эмес. Бирок Казакстандын атайын кызматынын ою боюнча ага айып тагып, жазага тартууга ушул эле жетиштүү экен.

Андан сырткары, Тунгишбаева Кыргызстандын президентине саясий өңүттө экстрадициялоо эл аралык укуктун нормаларына каршы келээрин эскертти.

- Демократиялык мамлекетке саясий куугунтуктоо менен кызматташ болууга мүмкүн эмес, - деп улантат эне. - Эгер биздин өлкөдө (Казакстанда) акыйкат жана таза соттор болсо мен сизге мындай сураныч менен кайрылбас элем. Анткени мен баламдын сотто акталаарына ишенмекмин. Бирок биздин өлкөдө эреже катары саясий куугунтук болгондо сот бийликтин пайдасына гана чечим чыгарат.    Андан сырткары биздин мамлекетте органдар адамды кордоочу  жана кыйноочу ыкмаларды колдонушат.

Мен Казакстандын жашоочусу катары муну билем. Муну беделдүү эл аралык уюмдар ошону менен бирге БУУ да тактайт. Менин кооптонууларымды туура түшүнүп, менин балама карата жасала турган акыйкатсыздыктын алдын алып бересиз деп ишенем.

Ушул жылдын 10-майында КР УКМК Бишкектен Казакстандын жараны Муратбек Тунгишбаевди коңшу республикада тыюу салынган «КДТ»( Казакстандын демократиялык тандоосу) уюмуна катышы бар деген шектенүү менен кармаган.

Мурдараак «КДТ» лидери Мухтар Аблязов  Vesti.kg сайтына кыргыз бийлигинин анын пикирлешин камагандыгы тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып жаткандыгын билдирген эле.

«Кыргызстан качкындар тууралуу кол коюлган Женева конвенциясын бузуп жатат. Бул конвенция качкындарга боло турган кандайдыр бир дискриминацияларга жол бербейт. Ал куугунтуктан качкан качкынды кайра качкан өлкөсүнө кайрып бергенге жол бербейт.  Ошондуктан бул коныенцияга ылайык Кыргызстан саясий өңүттө Тунгишбаевди кармабаш керек. Андан да Казакстанга кайрып бербөө керек», - деп ал мурдараак айткан болчу.

Бакыт Стамов
фото www    


Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх