ЖК депутаты: Конституция боюнча биз жарандардын алдында жооп беришибиз керек эмес
Өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү боюнча депутаттардын пикирлери эки ача болду
Мыйзам боюнча депутаттар өкмөт мүчөлөрүнөн айырмаланып жарандардын алдында жооп бербейт, анткени элдер ансыз деле ким иштеп, ким штебей жаткандыгын билет. Мындай оюн Vesti.kg сайтына депутат Мурадыл Мадеминов бөлүштү.
Түшүндүрө кетели, мурдараак Дастан Бекешов өзүнүн былтыркы жылдагы кылган иши тууралуу отчетун жарыя кылды жана мындай жөрөлгө ар бир эл өкүлү үчүн кадыресе көрүнүш болушу керек деп белгиледи.
- Мандатты депутат элден алат, кудум ошол эл чечет парламентке кимдин келишин, - деп эскертет Мадеминов. - Мисалы, 120 депутаттын ичинен азыркы чакырылышка 30 гана келди. Жарандардын оюнча менин кесиптештеримдин кээ бирлери ойдогудай иштебеген болобу ошондо? Бул шайлоочуларга жаза катары, анткени ошолорду өздөрү шайлаган. Келээрки шайлоо да алыс эмес, көрөбүз кимдер мандат алаарын.
Анын кесиптеши Каныбек Иманалиевдин пикиринче жарандардын астында отчет бериш бербеши депутаттын өз абийирине жараша.
- Конституция боюнча биз муну аткарууга тийиш эмеспиз, бирок мен дайыма кылган ишим тууралуу маалымат берип турам.
Өз кезегинде депутат Таабалды Тиллаев эл өкүлдөрү шайлоочулардын алдында отчет берип туруусу керек деп ишенимдүү айтты.
- Жок дегенде кылынган иш тууралуу фракция отчет бериши керек. Шайлоо алдында баарынын программасы болчу го. жарандар ошонусун аткарганын билгилери келет, - деди ал.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Похожие материалы (по тегу)
- Депутаты ЖК предлагают поменять систему выборов в парламент
- Нурланбек Шакиев провел совещание с руководством Аппарата парламента
- Президент: Некоторые депутаты не поддерживают кабмин из-за нерешенных личных вопросов
- В Жогорку Кенеше обсудили трудоустройство кыргызстанцев в Японии
- Садыр Жапаров прокомментировал ситуацию вокруг Аскара Акаева