Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самые читаемые

Эмне үчүн депутаттар кечээ ЖК пленардык отурумуна чогулушкан жок?

Депутаттар кийинки жумадан баштап гана толук иштей башташаары анык болду

Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык каникулдан кийин 4-сентябрда ишке киришип, кезектеги сессияны салтанаттуу түрдө ачышты. Анткени менен пленардык жыйын болгон жок.

Кандай себептер менен депутаттардын ишке чыкпай калышкандарын Vesti.kg сайтына депутат Айнуру Алтыбаева түшүндүрүп берди. Анын айтымында кечээ пленардык отурум болбой калды.

- Мурдагы күнү Жогорку Кеңештин төрагасы жумуш кийинки жумадан башталаарын жарыя кылды. Мурдагы күндөр дем алыш болгондуктан парламенттин комитети отурумга чогула алган жок, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Алтыбаеванын айтымында, кийинки жумадан баштап эл өкүлдөрү толук кандуу иштеп башташат.

- Тийешелүү комитеттер ишин дүйшөмбү күнү башташат, ошондо пленардык отурумдун качан болоору белгилүү болот жана шаршембиде же бейшембиде болуп калышы күтүлөт, - деп кошумчалады Айнуру Тойчиевна.

Аягында ал ЖК комитеттеринин төрагалары  координациялык кеңешке кандай мыйзам долбоорлорун талкууга алып чыгышаары тууралуу айтышы керек деп белгиледи .

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх