«Кроме Индиры Джолдубаевой многие сейчас поддерживают отношения с Алмазбеком Шаршеновичем»
В СДПК назвали тех, кто тесно контактирует с экс-президентом. Среди них вернувшийся на родину Икрамжан Илмиянов
Очень многие из прежнего окружения экс-президента Алмазбека Атамбаева сейчас поддерживают с ним тесные отношения. Об этом Vesti.kg сообщила пресс-секретарь СДПК Кундуз Жолдубаева.
По ее словам, в числе тех, кто в настоящее время продолжает близко контактировать с Атамбаевым, и его бывший советник Икрамжан Илмиянов. Последний, кстати, уже вернулся в Кыргызстан.
- Икрамжан Илмиянов уже вернулся в Кыргызстан из поездки в Мекку, - отметила она.
Кроме того, Кундуз Жолдубаева поведала, кто еще из прежнего окружения экс-президента поддерживает с ним тесные отношения.
- Кроме Индиры Джолдубаевой многие сейчас поддерживают отношения с Алмазбеком Шаршеновичем, - добавила она. – К примеру, Абдиль Сегизбаев, Фарид Ниязов и Икрамжан Илмиянов не прерывают связи с экс-президентом. А его бывший пресс-секретарь Алмаз Усенов заявил, что устал от политики и поэтому подался в бизнес.
Бакыт Стамов
фото www
Похожие материалы (по тегу)
- Незаконная выдача паспортов гражданам Турции. Суд оправдал Ниязова, Табалдиева и Апилова
- Алмазбек Атамбаев встретился с главой правительства Испании - фото
- В соцсетях призывают выйти на митинг в честь приезда Атамбаева
- Иски Атамбаева к Дине Масловой. Комитет по правам человека ООН вынес решение
- В соцсетях распространяют информацию, что Атамбаев скоро якобы вернется в КР и «займет свое место»
Комментарии
Думаю , логично когда , не шея определяет куда смотреть голове , а не наоборот ! Не надо из него лепить святого !
У него были сторонники пока он их не продал через шопура и сапара ! Он труппак политический как внутри страны так и вне. Не зря говорят что ВВП его не принял, с формулировкой нет времени, а по факту зае....л он всех
2011-жылы мамлекет башына келген чакта Алмазбек Атамбаевде чоң тарыхый мүмкүнчүлүк бар эле. Ал кандай тарыхый мүмкүнчүлүк эле?
Эки ирет жасалган революциядан кийин өлкөбүздү таптакыр башка нукка буруп, тазалыкты, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү орнотуп, мамлекеттин казынасына бир тыйын да залакасын тийгизбей таза иштеп, өзүнүн артынан кылымдар бою унутулбай айтылып кала турган жакшы сөздөрдү түптөп кетүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анда эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздү өнүгүүгө, тазалыкка, коррупциясы жок жашоого бурган улу инсан, мамлекеттик ишмер катары калмак. Балким, кыргыздын Мустафа Кемаль Ата Түркүндөй болуп калмак.
Тилекке каршы, андай боло албады. Элибиздин үмүтүн, ишеничин актабады. Байлык, миллиондогон акчалардын азгырыгынан чыга албай калганы билинди. Анын үстүнө «Мен дипломат эмесмин, мен ушинтип эле сүйлөй берем» деп көпчүлүк учурда өз элинин башын шылкыйткан убактары болду.
Ал өзүнүн мөөнөтү аяктап бараткан жылда «Мен өзүм менен кошо эски элитаны ала кетем» деп айтканын баарыбыз билебиз. Ырасында, көпчүлүгүн чындап эле ала кетти. Бирок, алардын ордуна өзүнүн командасы катары түптөгөн жаңы элитасы «бешиктен бели чыгалек» жатып коррупцияга белчесинен батып калышканы ачыкка чыкты.
Мисалы, А. Атамбаевдин саясатка алып келген жаңы кадрлары кимдер болду? Мурдагы шоопуру Икрамжан Илмиянов, «оң колу» Сапар Исаков, катчысы Индира Жолдубаева, жансакчысы Болот Сүйүмбаев, Акаевдин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев, күйөө баласы Айбек Калиев жана башкалар.
Мына ушул аттары аталгандардын кимисинин артынан жакшы сөз ээрчиди? Кимиси таза иштеди? Тилекке каршы, баарынын артынан чуулгандуу гана сөздөр ээрчиди. Өзгөчө, И. Илмияновдун алты жыл ичинде миллиардер болуп алганы, баардык бизнестерди өзү көзөмөлгө алганы тууралуу аягы жок сөздөр дагы деле айтылып жүрөт. Жансакчысы Болот Сүйүмбаев болсо контрабанданы көзөмөлгө алып жүргөнү билинди. Күйөө баласы Айбек Калиев Бишкек ТЭЦиндеги коррупция маселе боюнча учурда камакта жатат. «Оң колу» Сапар Исаков да ТЭЦтеги маселе боюнча УКМКга сурак берип жүрөт. Ага да кылмыш иши козголгон.
Албетте, булардын дээрлик баары жаштар. Ошолордун жаштайынан элге жек көрүндү болуп, коррупционер атыгышына А. Атамбаев башкы себепкер болуп калды. Себеби, ал өзү аларды ошондой кадамдарга түрттү. Эгерде АША коррупцияга каршы чын ниетинен күрөш жүргүзгөндө, өзүнүн командасындагы коррупционерлердин биринчи кезекте тизгинин какмак. Ал анте алган жок. Себеби, алардын андай иш-аракеттеринин башында өзү турган.
Бирок, ошол өзүнүн кадрлары камакка алынып, айрымдары суракка чакырылып атканда А. Атамбаев бир ооз үн чыгарып, коргоп койгон жок. Демек, аларды өзүнүн жасаган иштери үчүн отко салып берди десек болот. Бул анын өзүнүн командасынын таза экенине ишене албаганынын белгиси. Өзүнүн да атаза эмес экенине ынанганынын белгиси. Андыктан бактысына бир келген тарыхый мүмкүнчүлүктү А. Атамбаев туура эмес пайдалангандыктан, эми тарыхта коррупционерлерди тарбиялаган ажо атыгып калары гана калды.