Кыргызстанда орточо айлык акы 33,5 миң сомду түздү - Улуттук статистика комитети
Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү - 11,6%
2024-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык эмгек акы 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 11,6%ды түздү.
Жумалиев белгилегендей, эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу тармагында, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.
Сүрөт: www
Читайте нас в Telegram, только самое важное!