Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шыкмаматов маркум жубайына арнап ыр жазды

ЖК мурунку депутаты Шыкмаматов жубайына арнаган ырын өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады

Экс депутат Алмамбет Шыкмаматов маркум жубайы Жанара Турдакуновага арнап ыр жазды. Ырдын маанисинде жубайын шум ажал эрте алып кеткенин, аялынын жакшы сапаттарын, өзүнүн азыркы учурдагы өксүп ичи ачышып турган абалын чагылдырат.

КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫ
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.
Өксүдү жаным, ый толуп ,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп .
Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .
Адамдан элең башкача ,
Жарашчу сени мактаса .
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса .
Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой .
Кош жаным, жарым асылым !
Жоготту жүрөк жакынын .
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым .


Эске сала кетсек 6-июлда Шыкмаматовдун жубайы эки өпкөсүнөн пневмония болуп каза болгон.

Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх