Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самые читаемые

Кожобек Рыспаев: Мен ал соода борборунун ичине бир жолу да кирген эмесмин

Депутат кумаркана жана соода борборуна тийешеси бар экендигин четке какты

Депутат Кожобек Рыспаев Vesti.kg сайтына ЭККМК кызматкерлери тарабынан табылган үйдүн жер төлөсүндөгү кумаркана жана соода борборуна  тийешем жок деп билдирди.
Анын сөзү боюнча, мунун баары аны коомчулукка жаман көрсөтүүнүн амалы.

- Мен ал дүкөнгө тийешем жок жана ээси да эмесмин. Алтурсун мен ал соода борборуна кирип да көргөн эмесмин, - дейт Рыспаев. Мен тууралуу мындай маалыматты ким таркатып жаткандыгын да боолголой албай жатам. Болбогон эле бир нерселерди жазып жатышат. Негизи биз элдик адам болгондугубуздан каршылаштарыбыз көп да.

Андан сырткары, эл өкүлү мындай маалымат тараткан ММК ны сотко берээр, бербестигинин да азыр чече элек.

«Ит үрө берет, кербен жүрө берет», - деп кебин улады ал. - Чынын айтсам мен ал чыгарылышты көргөн деле жокмун. Чамасы бул басылма бир депутаттыкы болсо керек. Кыскасы качан окусам, ошондо эмне кылууну чечем.

Жергиликтүү ММКлардын биринде депутат Кожобек Рыспаевге таандык деп эсептелген соода борбору менен кумар ойнотуучу ишкана табылган.

Мурдараак экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкектин Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен «Фрунзе» соода борборунун  жер төлөсүнөн кумаркана жана  «Тунук» деген дүкөн табылган.

ЭККМК пресс-катчысы Анастасия Пискурдун сөзүнө караганда, азыркы учурда ал жертөлөдөгү кумаркананын уюштуруучулары менен ээлери изделип жатат.

- Vesti.kg сайты менен болгон маекте биз бул жер төлөдөгү кумаркана дүкөндөрдүн кайсынысына тийешелүү экендиги тууралуу маалыматты азыр бере албайбыз, - деди ал.

Ал арада, юстиция Министрлигинин билдириши боюнча «Фрунзе» соода борбору Болотмамбет Жээнбековга таандык экендиги көрсөтүлгөн.

Бакыт Стамов
фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх