Мэр Бишкека Албек Ибраимов арестован
Подробности задержания в ГКНБ предоставят позже
Мэр Бишкека Албек Ибраимов задержан сотрудниками ГКНБ. Об этом Vesti.kg сообщили в Госкомитете нацбезопасности.
В ведомстве отметили, что подробности задержания будут предоставлены позже.
Напомним, ранее мэру Бишкека Албеку Ибраимову Бишкекский горкенеш выразил вотум недоверия.
Бакыт Стамов
фото www
Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Похожие материалы (по тегу)
- В Нарыне государству вернули завод и участок стоимостью 1 млрд 79 млн сомов
- Письмо с угрозами Ташиеву. Задержан бывший военный летчик (видео)
- ГКНБ: Задержан член ОПГ, готовивший покушение на Камчыбека Ташиева (видео)
- В Бишкеке на баланс государства вернули детсад стоимостью 948 млн сомов
- В селе Октябрьское в здании детского сада незаконно организовали швейный цех
Комментарии
Бишкек шаарынын мэрлигинен жакында эле шыпырылган Албек Ибраимов, өзүнүн Арашан айылына чоң үй салып жатат. Айылдаштарынын 33 гектар үлүш жерин сатып алып, тегерете коргон менен тосуп алган. Коргондун бийиктиги 10 метрге жакын, 1,5 метрге жакын фундаменттен кийин 15 катар пескоблок менен курулган. Албек Ибраимводун өзүнүн туугандары, "Бул жер 33 гектар. Элдин үлүш жери болчу. Мен тууганы болом, бизге башка жактан жер берди. Эки жылдан бери курулуш иши болуп жатат. Коргондун ичинде атасынын эски үйү бар. Азыр, Албек Ибраимов бул жакта жашап жатабы же шаардабы аны билбейт экем. Бирок, бул 33 гектар жерге салынып жаткан үй Албек Ибраимовдуку.
Кызгалдак Жакыпова 19-июль 2018, 15:42
Саясат
Үстүнөн бир нече кылмыш иши козголуп, мамлекетке ири суммадагы чыгым алып келген Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кылмыш иши ачылгандан кийин, ал шаарды таштай качып, тоо аралап, арпа эгин талаасында жүргөн.
УКМКнын сурагына чакырылса дагы келбей жүргөнү маалым болгон. Ал, өзүнүн кылмышын сезип, [упс, чуть не ругнулся]алык качып аракет кылса дагы, УКМК анын сары изине чөп салып, бүгүн желкеден жетелеп келип камакка салды.
Элдин байлыгын тоногон ууру-коррупционерлер мынтип четинен торго түшө башташты. Коррупция менен күрөштүн жемиши - чоң киттердин камалышынан байкасак болот!
Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Албек Ибраимовдун байлыктары жарыяланган эле
July 19, 2018
Бишкек шаарынын кызматтан куулган мэри Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. "ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.
А. Ибраимов буга чейин эки жолу УКМКны теңине албай, суракка чакырса да барбай жүргөн. Эми анын камакка алынышы коомчулук тарабынан чоң колдоого алынууда. АШАнын кампачысы болуп жүрүп эбегейсиз байлык топтогон Албектин бери дегенде 200дөн ашуун кыймылсыз мүлкү бар. Булардын көпчүлүгүнө 2010-жылдан кийин ээ болгон. Андыктан мындай чыныгы ууруларды камап эле тим болбой, жегендерин кустуруп, кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруу керек. Кытайдан алынган карыздарды ушундай чоң коррупционерлерди кустуруу менен кутулса болот.
Жаздан бери чуулгандуу коррупциялык иштерден улам жыйырмага жакын атка минер кармалды, экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн алардын басымдуу көпчүлүгүнүн тагдырлары кенедей да тынчсыздандырбайт. Бирок табакташтарынын же “кошёлокторунун” бири кармалганда ал дүжүр комментарий жасоону адатка айландырып алды. “Дастанга” көп миллиондогон таза пайда, мамлекетке бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн Албек Ибраимовдун айыпталып жаткандыгын түшүнүү кыйын” деп айтып ал, С.Исаковдун, К.Кулматовдун иштериндей эле А.Ибраимовго карата да тергөөнүн обьективдүү жүргүзүлө тургандыгына ишенбей тургандыгын билдирди.
Адатта “экс” деген макамды алып, олчойгон пенсия алып, мамлекеттин эсебинен жашап жаткандар өлкөнүн ичиндеги иштерге кийлигишпейт. Анткени, активдүү саясатчыга айланып, ММКлардын биринин серепчисиндей “саясат толгон себеттерди көтөрүп, ары-бери жүгүрө” баштаса, М.Саакашвилиге окшоп экстик макамын жоготуп алышы мүмкүн экендигин жакшы түшүнүшөт, активдүү саясатчыда экс макамы болбошу керек, антсе ал аны кыянаттык менен жеке кызыкчылыктарына пайдаланарын А.Атамбаевдин мисалы көрсөтүп жатат.
Анын А.Ибраимов негизсиз айыпталып жатат деген билдирүүсү карандай жалган. А.Ибраимов “Дастандын” жетекчиси болуп турганда жабдуулар менен камсыз кылуучулардын биринен 270 миң доллар пара алгандыгы, ишкананын “Солнечный берег” пансионатынын акцияларынын бардыгын мыйзамсыз сатып, мамлекетке 152 миллион сом, жабдууларды өз бааларынан кымбат сатып алып 460 миң доллар зыян келтиргендиги, Бишкектин мэри болуп турганда коррупциялык схеманы уюштуруп, жалпы аянты 5 гектардан ашык жер участкасын мыйзамсыз саттыргандыгы, ошондой эле УКМКнын тергөөчүлөрү суракка чакырса келбей, аларды куралдуу каршылык көрсөтүү менен коркуткандыгы, байлыктарынын көбүн декларациясында чагылдырбагандыгы үчүн айыпталууда.
Булардын ичинен эң оору – УКМКнын тергөөчүлөрүн куралдуу согушчандар менен коркуткандыгын айтсак болот. Анда бекиткен куралдар бар болушу толук мүмкүн, анткени, АША президент болуп турганда деле “үчүнчү революцияны жасоого даяр экендигин” айтып мактанса, стакандаш досу А.Бекназаров үчүнчү революцияны Атамбаев гана жасай алат деп сүрөп калчу. Биздин оюбузча, дагы бейкүнөө адамдардын кандарын эңсей баштагандарга карата тийиштүү укуктук чараларды көрүп, байлыктарына мастыгынан баштары айланып калгандардын жиндерин биротоло кагуу керек. Алар А.Ибраимовго окшогон шакирттери менен каалаганда эле кан төгө беришине жол бербөө үчүн превентивдүү катаалчаралар көрүлүшү абзел.