Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евгений Кузнецов орус драма театрынын жаңы директору болуп калды

Маданият министринин орун басары аны кесиптештерине тааныштырды

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын жаңы директору болуп Евгений Кузнецов дайындалды. Тийешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду.

Жаңы директорду кесиптештерине министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды. Кузнецов 42 жашта. Ал Бишкек мэриясында иштеген, акыркы учурда өкмөттүн аппаратында иштеп жаткан болчу. Жогорку билимдүү, үй бүлөлүү, бир кызы бар.

 
Маданият Министрлигинин пресс-кызматы
Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх