Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Автомектептин курсанттарын жаңы бланктын киргизилгендигине байланыштуу эки жолу медициналык кароодон өткөрүштү (сүрөт)

МКК муну саламаттык сактоо Министрлигинин буйругу менен байланыштырат. Ал эми саламаттык сактоо Министрлиги башкача айтат

Айдоочулук күбөлүк алааржагы экзамендин алдында медициналык кароодон өткөн тактама жараксыз, азыр жаңы тактама чыкты деп билдиришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына бишкектик Данил Таранцев билдирди.

- Мен жазында автомектепке киргем, кадимкидей эле бардык документтерди даярдадым, анын ичинде медициналык тактама да бар болчу, - деп айтат жаш жигит. - Бирок экзаменге кирээрдин алдында бизге бул тактаманын жараксыз экендигин айтышты жана кайрадан поликлиникага жиберишти. Мен жашаган жерим боюнча ҮДБ №1 бардым. Ошол жерден кызыктар башталды. Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда мага окшогон автомектептин окуучуларынын узун кезеги бар экен.

Кезектин узундугуна байланыштуу поликлиникада медициналык кароодон өтүү кыйынчылыкты туудураарын белгиледи.

- Биринчи күнү мен 4 күн короттум, бирок дарыгерлерге кире алган жокмун, - дейт ал.  - Ал эми психолог менен наркологдон өтүү үчүн шаардын башка жагына барып ал жерде да күтүү керек экен. Мен жумуштан жооп сурадым, а бул болсо каржылык жоготууга алып келет. Кадам сайын бийлик бюрократияны жок кылуу керек эле дейт, ушул нерсени электрондук документ кылып койсо болбойбу? ушинтип биринен бирине өтүп чуркап жүрө беребизби?

Саламаттык сактоо Министрлигиндегилер болсо, сентябрдан баштап чындап эле жаңы үлгүдөгү бланктар чыккан, бирок ал мурда эле медкароо үчүн таркатылган дейт. Ал эми мурун кароодон өткөндөр экинчи жолу өтүшүнүн кажети жок эле дешет.

- Майда 083 формасындагы бланк чыккан, бирок саламаттык сактоо Министрлиги мурда өтүп алгандарды кайра өткөрүүнү тапшырган эмес аларга, - деп баса белгилешти КР СМ. - Жаңы бланкка өтүү көп убакытты талап кылат. Тендер уюштурууну, мед. борборлорду бланк менен камсыздоону талап кылат.


Өз кезегинде МКК Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда жаңы бланктарды саламаттык сактоо Министрлиги автомектептерден талап кылгандыктарын айтышты.

- Бул жарлык ушул жылдын башында чыккан, - деп түшүндүрдү Мамкаттоодон. Ал эми жазында эмне үчүн эски үлгүдөгү бланктарды беришкенине түшүнө албайбыз.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх