Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кечиккениңиз үчүн сизге ушундай жаза жагабы?

Кечиккени үчүн чайканадан аш бастырып берет.   «Ош Электро» ААК РЭС начальнигине арыз

Жергиликтүү тургундар башпрокуратурадан Маматкерим Аттокруовго карата чара колдонууну суранышат.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунан  РЭС ААК «Ош Электро» начальниги Маматкерим Аттокуровго чара колдонууну суранышат.

Vesti.kg сайтына жарандык активист Роза Маманованын билдиргенине караганда Аттокуровдун артында чубалган мыйзам бузуулар бар.

- Бул начальник ар бир көзөмөлдөөчүдөн акча алат, айына 300 сом, - дейт ал. - Андан сырткары, жумушка кечигип калган кызматкерлер чайканага алып барып, жетекчиликке аш бастырып беришет.  

Андан да Кызыл-Кыянын тургундары электр энергиясын бир аз эле карызы үчүн өчүрүп салышкандарына нааразы.

- Ал абоненттерди 100 сом карызы үчүн өчүрүп салат да, 250 сом деп жазып кетет, эмнеге антишкенин түшүндүрбөйт да, - дейт Маманова. - Андан сырткары 0,1 пайыз пения жазылат. Ремонко деген электр жабдууларын жана каражаттарын багытталган жакка жумшабайт жана РЭС ААК «Ош Электронун» Кызыл-Кыядагы трансформатордук кичистанцияларын алмаштыруу дайындалган багытта жүрбөйт.

Ошону менен бирге Маманова Кызыл-Кыя шаарында светти тынымсыз өчүрүп турушаарын айтат.

- Жакында эле шаардын мэри Топчубаев жашаган 15-кичирайондо элдер 3 күнгө электр жарыгысыз калышты, - дейт активист. - Ал эми Январь районунун аймагында болсо жарыкты эскертүүсүз эле өчүрүшөт. Ал жердеги жашоочулардын газы жок, канализациясы иштебейт, жылуулук берилбейт. Жалгыз ишенгени электр энергиясы, суукта ошону менен жан сакташат. Ушул көйгңйдү чечүүнүн ордуна Аттокуров жана анын орун басары жол тандабасын минип алып жума сайын Өзбекстанга каттайт. Ал жакта эмне иши болушу мүмкүн?

Маманова Аттокуровдун кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп жаткандыгына толук көзү жетет.     

Жаңы конуштардын жашоочуларына трансформатор орнотуп берем деп акча чогултуп алат, - деп улантат ал. - Андан сырткары Сулайманов деген жаранга трансформатордук пункттун жерин мыйзамсыз түрдө сатып жиберди.  Ушуга байланыштуу биз башпрокуратурага кайрылууга аргасыз болдук.

Өз кезегинде Vesti.kg сайты бул маалыматты тактоо үчүн «Ош Электро» ААК кайрылды, бирок түшүндүрүүнү ал жактан ала алышкан жок.

Манас Кольбаев

Сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх