Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын тергөө абагында мурунку чиновниктерге өз ара жоолугушууга болбойт

Жактоочу абактагы саясий камактагылардын жоолугушуулары тууралуу укпагандыгын билдирди

УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан мурдагы бийик даражалуу чиновниктер бири бири менен жоолукканга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына жактоочу Слесарев билдирди. Сергей Слесарев мурунку Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун, ошондой эле экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу.

- Жоолугушуу кокусунан болуп калышы мүмкүн, - деп боолголойт юрист. - Бирок менин билишимче, андай окуя боло элек. Менин коргоого алган адамдарымда андай окуя боло элек.

Эске сала кетсек, учурда УКМКнын тергөө абагында Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов, андан мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жанторо Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана башкалар кмалып жатышат.  

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www







Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх