Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

КР президенти мыйзамга кол койд

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын функциялары, ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин тактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү болуп саналат.

Ушул Мыйзамга ылайык:

1) Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит жүргүзүү алып салынды. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Мыйзамдын 7-беренесинин 8-пункту күчүн жоготту деп таанылды.

2) Пландан тышкаркы контролдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талаптарынын негизинде жүргүзүлөт. Козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талабы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан иш-чара жүргүзүү алып салынды. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Мыйзамдын 11-беренесине (Эсептөө палатасынын ишин пландаштыруу) өзгөртүү киргизилди.

3) «Эсептөө палатасына туура маалымат берген жана өздөрүнө берилген консультацияларды жана сунуштарды туура пайдаланган аудит объектинин кызмат адамдары жана кызматкерлери, кийин бул маселе боюнча административдик жаза чараларына дуушарланышы мүмкүн эмес» деген «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Мыйзамдын 40-беренесинде мурда көрсөтүлгөн ченем күчүн жоготту.

4) Эсептөө палатасынын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында каржылык аудитти жана майнаптуулук аудитин жүргүзүүгө өзгөчө ээ болгон укуктарынан корутундуларды, козголгон жазык иштери, ошондой эле соттордун токтомдору боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын ишинин каржылык аудитти жана майнаптуулук аудитин жүргүзүү алып салынды. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 72-беренесине (Эсептөө палатасынын компетенциясы) өзгөртүү киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма сөз кызматы

Фото www

 

 

.

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх